www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Манас шаарында заманбап талаптарга жооп берген Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Үч кабаттуу жаңы имарат жарандарга укуктук кызматтарды ыңгайлуу, ыкчам жана сапаттуу көрсөтүү максатында курулду. Буга чейин аталган жерде эски мамлекеттик нотариалдык кеңсе жайгашып, кызмат көрсөтүү чектелген шартта жүргүзүлүп келген.
Анда мамлекеттик нотариустар, юридикалык жактарды каттоо бөлүмү жана юридикалык жардам көрсөтүү кызматтары жайгаштырылган. Мындан тышкары, энелер жана балдар бөлмөсү, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу системалары жана архивдик шарттар каралып, жарандар менен кызматкерлер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.