www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манас Ордо" комплексинин директорлук кызматына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жумушка орношууну каалагандарга төмөнкү талаптар коюлган:

гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство жаатында жогорку кесиптик билими;

музейлердеги иш тажрыйбасы беш жылдан кем эмес же маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жетекчилик кызмат орундарында иш тажрыйбасы үч жылдан кем эмес болушу шарт;

илимий даражасынын болушу артыкчылыктуу.

Талапкерлер документтерин Маданият министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 23-апрелине чейин тапшырышы керек.

Байланыш телефону: +996 312 662683.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости