www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Манас” эл аралык аэропортундагы учак окуясынын күбөсү Аман Ибраев кырсык болгон учур тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, учак саат 15:45 чамасында кыймылдай баштап, ылдамдык ала баштаганда катуу үн чыккан. Андан кийин учак сол тарапка кыйшайган.
«Катуу дүңк эткен үн чыгып, учак сол тарапка катуу кыйшайды. Андан кийин керосиндин жыты келе баштады. Сыртка чыгып баратканыбызда керосин төгүлүп кеткенин көрдүм. Эгер өрт чыгып кетсе, кесепети өтө оор болмок», — деди жүргүнчү.
Ибраевдин айтымында, борт коштоочулар жүргүнчүлөрдү тынчтандырып, эвакуация иштерин уюшкандыкта жүргүзүшкөн. Авариялык чыгуучу эшиктер болжол менен 10 мүнөттөн кийин ачылып, жүргүнчүлөр учактан чыгарылган.
Анын маалыматы боюнча, өрт өчүрүүчү унаалар 3–4 мүнөттөн кийин келген.
Жүргүнчү окуядан кийин катуу стресс болгонун айтып, анын божомолунда учактын сол жактагы дөңгөлөгү жабыркаган болушу мүмкүн экенин билдирди. Ал эми кырсыктын так себептери тиешелүү органдар тарабынан аныкталат.