www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары болуп Мирлан Максатбеков дайындалды.
Тиешелүү буйрукка курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койгон.
Бүгүн, 21-июлда министрдин орун басары Бакай Турдугулов жаңы дайындалган жетекчини департаменттин эмгек жамаатына тааныштырып, кызматтык ишине ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Мирлан Максатбеков буга чейин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинде башкы инспектор кызматын аркалап келген.