www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламент чет өлкөлүктөргө Кыргызстандын аймагын сатууга же өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берген мыйзамды кабыл албай турганын билдирди.
«Буга президент да, Жогорку Кеңеш да, эл да жол бербейт. Кыргыз жеринин бир дагы метри башка мамлекетке өтпөйт», — деди ал талкууланып жаткан мыйзам долбоору тууралуу комментарий берип жатып.
Маматалиевдин айтымында, мыйзам долбоору азырынча парламентке келе элек. Бирок ал анын мазмуну менен таанышып чыккан. Төрага белгилегендей, долбоор тескерисинче, жерлерди ижарага берүүдө кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү карайт.
Тактап айтканда, ижарачы жер тилкесин максатсыз пайдаланган учурда аны мамлекетке кайтарып алуу механизмин киргизүү сунушталууда. Мисалы, завод же фабрика куруу үчүн берилген жер кийин турак жай куруу үчүн пайдаланылбашы керек.
Мындан тышкары, жайыттарды, кен чыккан жерлерди, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана жаратылыш ресурстарына байланыштуу башка жерлерди ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда.
Маматалиев ошондой эле ижара мөөнөтүн чектөө пландалып жатканын билдирди. Алгач жер тилкеси 10 жылга берилет. Эгерде инвестор өзүнө алган милдеттенмелерди аткарса, мөөнөт дагы 25 жылга узартылышы мүмкүн, андан кийин эң көп дегенде 50 жылга чейин узартылат. Ошондон соң жер тилкеси мындан ары узартуу укугусуз мамлекетке кайтарылышы керек.
«Мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түшкөндө анын бардык оң жана терс жактарын карап чыгабыз. Бирок кыргыз жерин сатуу же аны башкаларга өткөрүп берүү тууралуу мыйзамды эч качан кабыл албайбыз», — деди төрага.
Эске салсак, буга чейин Министрлер Кабинети мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.