www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Вьентьян шаарында Лаостун премьер-министри Сонексай Сипхандон менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу элчинин Лаоско болгон иш сапарынын алкагында орун алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-лаос мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Саясий диалогду өнүктүрүүгө, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле туризм, туруктуу өнүгүү, гидроэнергетика, соода жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар расмий байланыштарды активдештирүүгө, өз ара кызматташтыкты чыңдоого жана Кыргызстан менен Лаостун ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин тастыкташты.