www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Майами (Флорида штаты) эл аралык аэропортунда Amazon Prime Air компаниясы үчүн каттам аткарууга даярданып жаткан Boeing 767 жүк ташуучу учагы учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткенден кийин, кеминде беш адам каза болуп, дагы бир нече адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди. АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы (FAA) бул окуяны иликтеп жатат. Бул тууралуу РИА Новости АКШнын транспорт министри Шон Даффиге шилтеме берүү менен билдирди.
«Беш адам каза болгонун жана дагы беш адам жабыркаганын билебиз», — деди Майами-Дейд округунун башчысы Даниэлла Левин Кава окуя боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында.
«FAA иликтөө жүргүзүү үчүн инспекторлорун жөнөттү», — деп билдирди Даффи X социалдык тармагындагы баракчасында. Анын айтымында, Amazon компаниясына таандык жүк ташуучу Boeing учагы учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен Майами аэропортунда учактардын учуп кетишине убактылуу тыюу салынды.