www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда журналист Махабат Тажибек кызынын ишин кайра кароо боюнча алгачкы сот отуруму өттү.
Жактоочу тарап процессти видеого тартууга уруксат берүүнү жана журналистке Амаль Клуни фондунан сыйлык алуу үчүн Лондонго чыгууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү. Бирок өтүнүч канааттандырылган жок.
Сотто айыптоо актысы окулду. Тажибек кызы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү — массалык башаламандыктарга чакырык жасоо боюнча айыпталууда. Журналист күнөөсүн мойнуна алган жок.
Буга чейин 2024-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Апелляциялык жана кассациялык инстанциялар өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган. Бирок 2026-жылдын мартында Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөткөн. Андан кийин Тажибек кызы тил каттын негизинде камактан бошотулган.
Кийинки сот отурумдары 9-сентябрга саат 15:00гө жана 22-сентябрга саат 16:00гө белгиленди.