www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базарына байланыштуу кырдаал боюнча комментарий берип, ишкерлердин жаңы соода базарына көчүүсүнө байланышкан маселелерге токтолду.
Анын айтымында, «Мадина» базары да, ишкерлер этап-этабы менен көчүрүлө турган жаңы базар да жеке менчик болуп саналат. Ошол эле учурда мэрия менчик ээлеринин чарбалык ишине кийлигишпейт, бирок ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрөт.
Мэр белгилегендей, буга чейин «Мадина» базарынын ээлери соода жайын жабууну пландаштыргандыктан, ижарачылардын укуктарын камсыз кылуу жана кырдаалды жөнгө салуу максатында мэрия тарабынан тиешелүү билдирүү жөнөтүлгөн.
Айбек Джунушалиев ишкерлер менен бирге жаңы базарды кыдырып чыкканын эске салып, текшерүүнүн жүрүшүндө соода орундарын толук пайдаланууга берүү алдында жоюлушу керек болгон бир катар кемчиликтер аныкталганын билдирди.
Ошондой эле ишкерлердин демилгеси менен түзүлгөн макулдашуу комиссиясы күтүлгөн жыйынтыкты бере албагандыктан, анын ишин токтотуу чечими кабыл алынган. Мэрдин айтымында, комиссиянын курамындагы өкүлдөр бардык соодагерлердин бирдиктүү позициясын калыптандырып, аны коомчулукка жеткире алган эмес.
Шаар башчысы жаңы базардагы ижара маселесине да токтолуп, азыркы ижара шарттары сакталарын билдирди. Ошол эле учурда жаңы базардын ээлерине ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берилген.
Мындан тышкары, ижара укугун өткөрүп берүү же сатып алуу азыркы тартипте каралбай турганы айтылды. Буга чейин мындай укуктарды акчага өткөрүп берүү учурлары боюнча ыйгарым укуктуу органдар укуктук баа берип, мындай практикага чек коюлушу керектиги белгиленди. Маалыматка ылайык, мындай «укуктарды өткөрүп берүүнүн» баасы 1 чарчы метр үчүн 3 миң АКШ долларынан башталып, айрым учурларда 240 миң АКШ долларына чейин жеткен.
Мэр ошондой эле «Мадина» базары 1-августтан тарта жабылбай турганын маалымдап, буга чейин берилген билдирүү кайра чакыртылып алынарын айтты. Ишкерлерге жаңы соода жайына этап-этабы менен көчүп жайгашуу үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мөөнөт берилет. Ошондой эле жаңы базардын ээлерине соода жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү милдети жүктөлдү.
Мындан сырткары, «Мадина» базарынын ээлери аймакты Бишкектин Башкы планына ылайык өнүктүрүү жана көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоорду сунушташы керек.
Айбек Джунушалиевдин айтымында, мэрияга «Мадина» базарынын санитардык абалы, башаламан токтотулган унаалар жана коомдук тамактануу жайларынын абалы боюнча тургундардан көптөгөн кайрылуулар түшүп келген.
«Ишкерлерге кам көрүү менен бирге шаар тургундарынын кызыкчылыгын да эске алышыбыз керек. Сатып алуучулар товарларды коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап талаптарга жооп берген шарттарда сатып алышы зарыл», — деди шаар башчысы.
Ал ошондой эле борбор калаадагы базарларды модернизациялоо соода инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштердин бир бөлүгү экенин белгиледи. Учурда «Орто-Сай», «Кудайберген» жана «Дордой» базарларында тартипке келтирүү, инфраструктураны жакшыртуу жана жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.