www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун президенти өлкөнүн аскер кызматкерлерине кайрылып, Беларуська каршы гибриддик согуш уланып жатканын жана Украина менен чек арада чагымчыл аракеттер болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, Беларусь согушту каалабайт, бирок өлкө өзүнүн коопсуздугун жана кызыкчылыгын коргоого даяр.
«Бизге согуштун кереги жок, биз тынчтыкты сүйгөн элбиз. Бирок душмандын алдында баш ийүүгө да ниетибиз жок», – деди Лукашенко.
Ал ошондой эле «эл аралык согуш партиясы» Украинадагы жаңжалды токтотууга жол бербей жатканын айтып, Батыштын айрым саясатчылары Беларустун көз карандысыздыгына, Орусия менен союздаштыгына жана жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу позициясына нааразы экенин белгиледи.
Лукашенко беларус аскерлери Украинадагы согушка жөнөтүлбөй турганын айтып, Минск жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүнү жактай турганын кошумчалады.