www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда өткөн суткада электр энергиясын керектөө 48,4 млн кВт/саатты түзүп, мурунку күндөргө салыштырмалуу төмөндөдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, 22-июлга карата өлкөнүн энергетика тутуму штаттык режимде иштеп, электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.
Ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында энергетикалык объектилерде пландуу оңдоо иштери уланууда. Оңдоо иштеринин графиги "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын расмий сайты жана "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү.
Энергетика министрлиги жарандарды, өзгөчө электр энергиясы көп колдонулган сааттарда, аны сарамжалдуу пайдаланууга чакырып, бул энергосистеманын туруктуу жана ишенимдүү иштешине өбөлгө түзөрүн белгиледи.