www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС 5 автожолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда.

Учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолор жана  асфальттын эски катмары толугу менен алынып,  жаңыланган темир- бетон балкалары орнотулуп,  кеңейтүү иштери жүрүүдɵ.

Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр жана байланыш линиялары жылдырылууда.

Аталган кɵпүрɵдɵ курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Лебединовка-ГЭС5 автожолундагы 0-360м тилкеси 15-февралдан 20-апрелге чейин убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейет. Ошондой эле, долбоордо жарыктандыруу, учурдагы чоң көпүрөнүн эки тарабынан тротуар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.

 

Последние новости