www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лавров: Армения жазаланат

Армения узак убакыттан бери Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ОДКБ) алдындагы мүчөлүк төлөмдөрүн төлөбөй келет. Ушуга байланыштуу уюмдун уставында каралган чараларды колдонуу маселеси талкууланууда. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымдады.

— Бул кырдаалда эмне кылуу керек? Биз бүгүн бул маселени талкууладык. Армениянын ОДКБнын бюджетине эки жылдан ашык убакыттан берки карызы бар. Мындай жагдайдан улам Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставында каралган тиешелүү беренени колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну макулдаштык», — деди Лавров.

Белгилей кетсек, ОДКБнын Уставынын 20-беренесине ылайык, эгерде мүчө мамлекет уюмдун бюджетине болгон карызын эки жыл ичинде төлөбөсө, анда Жамааттык коопсуздук кеңеши ошол өлкөнүн жарандарынын уюмдагы квота боюнча кызматтарга талапкерлигин көрсөтүү укугун токтотуу, ошондой эле карыз толук төлөнгөнгө чейин добуш берүү укугунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.

Мындан тышкары, уставда мүчө мамлекет уставдын жоболорун, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңешинин жана уюмдун башка органдарынын чечимдерин аткарбаса, анын уюмдагы катышуусу убактылуу токтотулушу же мүчөлүгү толугу менен токтотулушу мүмкүн экени белгиленген. Мындай чечимдер тиешелүү мамлекеттин добушу эсепке алынбастан кабыл алынат.

Последние новости