www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ысык-Көлдүн (55%), Чүйдүн (25%), тоонун (13%) жана Бишкектин (7%) абасы” деген көрсөткүчтөрү менен жазылган “Кыргызстандын абасы” аттуу өндүрүш 200 сомдон сатылууда. Бул тууралуу өндүрүүчүлөр жергиликтүү басылмаларга билдиришкен.
Бул аралыкта аталган өндүрүштү сатып алуучулар көбөйгөн, айрыкча бул нерсе туристтердин кызыгуусун арттырууда. “Алгач адамдар ишенип алышып, курамын толук окуп чыккандан кийин гана тамаша экенин билип жатышат.
Бул долбоор 2 жылдан бери өз максатына жетүүгө далалат кылып келе жатат. Патенттен өткөрүү үчүн бир жыл убакыт өттү. Негизи бул идея 30 жыл мурун эле Францияда пайда болгон экен. Ичинде кадимкидей эле аба бар. Кызыгы, баары “Кыргызстандын абасы” деген аталышта эмес, арасында “Сүйүү абасы” деген жазуулары да бар. Бош эле идишти 200сомго сатуу кымбат деп ойлошуңар мүмкүн, бирок, бул өзгөчө сувенир болгондуктан баасы туура эле болот,” – дейт өндүрүшчүлөрдүн бири Максим Боровик.
Булак: "gezit.kg"