www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикада 5-февралдан бери коронавирусту аныктоо боюнча 20 миң 901 анализ алынган. Анын ичинен 15 миң 117синин анализи чыккан. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 9-апрелде онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айткан.

"Оору жуктуруп алгандар менен байланышта болгон биринчи категориядагы адамдардын саны 1 миң 58, ал эми экинчи категориядагылардын саны 5 миң 210" , - деп Каратаев билдирген.

Бүгүн, 9-апрелге карата коронавирус COVID-19 инфекциясын жуктурган 10 жаңы учур катталган. Жалпысынан өлкө боюнча 280 адам илдетке чалдыкты.
Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 86 адам
Ош облусунда – 98 адам
Чүй облусунда – 7 адам
Баткен облусунда – 4 адам
Ош шаары – 36 адам
Бишкек ш. – 36 адам
Нарын облусунда – 10 адам
Ысык-Көл облусунда – 3 адам

Стационарларда 246 бейтап жатат, алардын ичинен 10 адам оор абалда жана анын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатканы маалымдалды.
Чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарынан 23 адам коронавирус жуктуруп алган. COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын саны – 6 миң 268.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости