www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында маданият жана искусство жаатындагы эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Мамлекеттик сыйлыктын ээлери:

“Данакер” ордени менен:

Швыдкой Михаил Ефимович

 

Россия Федерациясынын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү;

“Достук” ордени менен:

Бүлбүл оглы

Полад

 

композитор, ырчы, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун башкармасынын төрагасы;

“Даңк” ордени менен:

Жумакунов Рысбек Дүйшөнбаевич

 

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру;

“Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы ыйгарылсын:

Бекбаева Асел Амангелдыевна

 

А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти, жетектөөчү сахна чебери;

Нургалиева Анаркүл Кабылбековна

Н. Тугелов атындагы “Ак-Марал” Кыргыз мамлекеттик ансамблинин кɵркɵм жетекчиси;

Тиленчиев Карагул Амантурович

 

А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы хормейстери;

“Даңк” медалы менен сыйлансын:

Большова Анна Леонидовна

 

“Ленком Марка Захарова” Москва мамлекеттик театры” Москва шаарынын мамлекеттик бюджеттик маданият мекемесинин артисти;

Малышев Андрей Владимирович

 

“Росконцерт” музыкалык жана фестивалдык программалардын федералдык дирекциясы” Федералдык мамлекеттик бюджеттик маданият мекемесинин башкы директору;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардак наамы:

Асанов Нуржигит Рахманкулович

 

А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисти;

Дүйшөнбек уулу Закирбек

комузчу;

Кочорбаев Самат Батыркулович

 

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин салттык музыка жана фольклор кафедрасынын башчысы, манасчы;

Мендебаиров Назым Кенжекулович

 

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;

Момунова Айзирек Жалиловна

 

А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти;

Раимбекова Заира Абдигапаровна

 

А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти;

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы:

Кудинов Вячеслав Васильевич

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы “Славяночка” элдик бий-ыр фольклордук ансамблинин жетекчиси;

Муканбетов Эрмек Бекбоевич

Улуттук маданий борбордун мамлекеттик жана мааракелик иш-чараларды өткөрүү бөлүмүнүн начальниги, үн режиссеру;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Аглатова Анна Христофоровна

 

Россиянын Мамлекеттик академиялык Чоң театрынын опера солисти;

Аккңзов Эсенбек Дүйшөнбаевич

 

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы А. Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин артисти;

Бакытов Орозбек Абдимиталипович

 

А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти;

Бердикулова Айнур Турсунбековна

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин артисти;

Дөлөтбаков Данияр Дөлңтбакович

А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти;

Иксанов Тахир Гаделзянович

 

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун аткаруучу директору;

Касымов Тофик Ашимович

 

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин артисти;

Николайчук Александр Алексеевич

 

Н.П. Осипов атындагы Россиянын улуттук академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;

Татаринцев Алексей Александрович

 

опера ырчысы;

Токомбаев Талантбек Замирбекович

 

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;

Цветков Сергей Владимирович

режиссер-коюучу, балетмейстер.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости