www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кокого жетип маңкурт азаптары,
Каректин жашы эмес, тамат каны.
Кыз сырын таба албаган эй жигиттер,
Кыркылды жаш аккуунун канаттары.

Кур намысты кучактап жөнөйсүңөр,
Куйругунан аша албаган дөдөйсүңөр.
Эркек болуп жаралып калган менен,
Эркек болуп кала албаган сөрөйсүңөр.

Кыз кадырын кыйратып билбейсиңер,
Кызалаңдап кыйкырып сүйлөйсүңөр.
Көнүп калган шалтурук мүнөз менен,
Көргө чейин өлтүрүп сүйрөйсүңөр.

Баатырсынып башыбызды аттайсыңар,
Бактылуу кылуу жолун таппайсыңар.
Эне болчу кыз төшүн тилип жатып,
Энелердин сүтүн кантип актайсыңар?!

Ушул беле биз таянган билегиңер,
Ушунчалык төмөн беле тилегиңер.
Булгабай бул дүйнөдөн чыгып кетсин,
Бурулайдын жанын алган бир эриңер.

Айбандык, маскаралык, ыйлагыла,
Ала качуу адат бизге жылда мына.
Тукум улап кетүүчү селкилерди,
Тукум курут өзүңөр кылбагыла.

Чыйралгыла кыргыздын жигиттери,
Чындык бүгүн намысты жидиткени.
Ар кулап бийигиңден жетишеттир,
Бир кумалак баарыңарды чириткени.

Мындай күндө тил безеп кычыш керек,
Мындай күндү кантип эй жутуш керек.
Эликтей кызды сойгон мыкаачыны,
Эл алдына чыгарып бычыш керек.

Не жалдырайт кыз көөнүнө толо албаса,
Не жүрөт даңгып, дейдип, оңо албаса.
Шылып салып иттерге бергилечи,
Шым кийгенге татыктуу боло албаса!!!

М. АЙТИМБЕТОВА

Булак: NazarNews.kg

Последние новости