www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик тарап чек арага жакын жерде эч нерсе курбоого жана чектеш аймакка өтүп кеткен малды бири-бирине кайтарып берүүгө макул болушкан. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда “EurAsia Daily” маалымат агенттиги “Тажикстан 24” маалымат агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, шаршемби күнү кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн делегацияларынын аймактык башкаруу жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жолугушууда макулдашуу болгон.

Тараптар чек арага чектеш аймактарда шарттуу чек ара сызыгына жакын жерде эч кандай объектилерди курбоого, шарттуу чек ара сызыгынан өтүп, бир мамлекеттин аймагына өтүп кеткен малды кайтарып берүү жана контрабандага каршы биргелешип иш жүргүзүү боюнча макулдашышты. Бул үчүн жоопкерчилик чек ара кызматынын Баткен жана Согди облустарындагы башкармалыктарына жүктөлгөн.

Мындан тышкары, чек арага чектеш Исфана жана Баткен облустарынын жетекчилери суу маселесин чечүү боюнча жыйын өткөрүштү. Тараптар кайсы жерде көйгөйлөр бар экенин аныктоо үчүн аймактарды биргелешип текшерүүгө макулдашышты.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости