www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорун түзүү жана алардын ишмердиги учурунда келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү.

Мыйзам Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддорун түзүүнүн жана ишмердигинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.

Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонуудагы «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы №167 Мыйзамы күчүн жоготот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости