www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылгандыгы боюнча активист Кылычбек Шанаев өзүнүн пикирин билдирди.  

--Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги бүгүн алынды. Эми Алмазбек Атамбаев элди дүрбөтүү иштери менен алек болбой тергөө иштери менен алек болуп, эки жүздүүлөрдүн бетин ачып, өзү айткандай “көбүн ала кетем” дебеди беле, эми ала жатсын. Атамбаев камала турган болсо көбүн ала жатат. Экс-президент эми жеке кызыкчылыгын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгын ойлоп, тергөө менен тыгыз кызматташып, бардык мыйзамсыз иштердин бетин ачканга жардам берсин. Бул анын тарыхтагы эң туура чечими болуп калат. Эгерде бардык депутат, министр, бийлик төбөлдөрүнүн күнөөлөрүн ачыктап, тергөө менен кызматташып, күнөөсүн мойнуна алса анда тергөө менен кызматташкандыгы үчүн сот жообунан дагы кутулуп кетиши мүмкүн. Ошондо азыркы парламент, министр бир топ алдым-жуттум элиталардан кыргыз эли тазаланып калмак. Эң негизгиси эки жүздүү саясатчылардан тазаланабыз”, - дейт Кылычбек Шанаев NazarNews маалымат агенттигине.

Белгилей кетсек, бүгүн, 27-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экс-президент деген макамынан ажыратылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости