www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Кыя шаарында сойкулук кылганга шектелип эки аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

 

 "Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Кызыл-Кыя ШИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери ыкчам маалыматтардын негизинде биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө 2024-жылдын 9-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы мейманкалардын биринде эки бөлмөдө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 42 жаштагы тургуну Ш.Т.(аял киши) жана Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну А.Н.(аял киши) сойкулук аракеттерин ишке ашыруу учурунда кармалды",- деп айтылат маалыматта.

Кармалган учурда алардын жанынан нымдуу салфеткалар, презервативдер жана акчалар алынган.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кылмышка шектүү катары кармалган Ш.Т. менен А.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости