www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Гуанси аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон ири селдин кесепетинен миңдеген студент окуу жайларынын аймагында камалып калды.
Куткаруу кызматтары өзгөчө кырдаал үчүн колдонулган понтондук көпүрөлөрдү орнотуп, студенттерди коопсуз аймактарга этап-этабы менен эвакуациялады. Бул көчмө көпүрөлөр суу каптаган жерлерден өтүүгө шарт түзүп, куткаруу иштерин кыйла жеңилдетти.
Акыркы маалыматтарга ылайык, 6 миңден ашуун студент жана мугалим понтондук көпүрөлөр аркылуу коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми селден жабыркаган окуу жайларынан жалпысынан 10 миңден ашуун студент менен мугалим куткарылды, куткаруу иштери дагы уланууда.
Жергиликтүү бийлик аймактагы суу ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин күчөтүп, куткаруу иштерине жүздөгөн адистерди жана атайын техникаларды тарткан.