www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын алдыдагы мамлекеттик сапары бекем достук, өз ара ишеним жана колдоого негизделген кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоодо маанилүү кадам болуп калат.

Последние новости