www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бийиктиги 122 метрге жеткен көпүрө курулуп жатат.
Бул тууралуу «Кыргыз Туусу» маалымат басма үйү жазып чыкты.
Кеч-Алат дарыясы аркылуу өтө турган көпүрөнүн жалпы узундугу 956,67 метрди түзөт.
Анын эң бийик тирөөчү 96 метр болсо, көпүрөнүн жалпы бийиктиги 122 метрге жетет.
Бул темир жолдун бүткүл каттамындагы эң бийик көпүрө болуп саналат.
Учурда көпүрөнүн пайдубалын куруу иштери толугу менен аяктаган. Ал эми тирөөчтөрдү жана жээк таянычтарын куруу иштери 54 пайызга аткарылды.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында ушул аймакта узундугу 13 чакырымга чейин жеткен бир нече тоннелдерди куруу иштери да жүрүп жатат.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорттук байланыштарын кеңейтүүгө багытталган ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат.