www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Йемендеги хуситтер кыймылы («Ансар Аллах») менен Кызыл деңиз аркылуу мунай ташууларын коргоо максатында түз сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, хуситтер Сауд Арабиясынын портторуна багыт алган кемелерге чектөө киргизилгенин жарыялагандан кийин, Пекин кытайлык мунай ташыган танкерлердин Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу коопсуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн хуситтер менен түз байланыш түзгөн.
Reuters агенттигинин булактарынын айтымында, Кытай менен хуситтер ар бир танкердин сапары боюнча өзүнчө макулдашууга жетишкен. Ошондой эле жетишилген келишимдер тууралуу Иранга маалымат берилген. Чектөөлөр жарыялангандан кийин Сауд Арабиясынан Кытайга мунай ташыган кеминде төрт танкер Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу эч тоскоолдуксуз өткөн.
Агенттиктин маалыматына караганда, Кытай Сауд Арабиясынын Янбу портунан чийки мунайдын үзгүлтүксүз жеткирилишине кызыкдар.