www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстандын авиациясын Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча акыркы иштер жүрүп жатканын айтты.

Анын сөзүнө караганда, бул маселеге байланыштуу үч баскычтан турган сүйлөшүү жүрдү жана ушул тапта Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) комиссиясы Кыргызстанда жүрөт. Анын жыйынтыгы менен Кыргызстанды “кара тизмеден” чыгаруу же баш тартуу боюнча чечим кабыл алынат.

Кыргызстандык авиакомпаниялар “Эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.

Последние новости