www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай дүйнөдөгү эң кубаттуу оор иондордун бөлүкчө ылдамдаткычтарынын бири болгон HIAF комплексин ишке киргизди. Долбоордун баасы 2,6 млрд юань (болжол менен 384 млн доллар) болуп, аны курууга 16 жыл кеткен.
Адистердин айтымында, жаңы комплекс атом ядросунун түзүлүшүн, оор химиялык элементтердин жаралышын жана ааламдагы өзгөчө физикалык процесстерди изилдөөгө жардам берет.
Мындан тышкары, HIAF космостук аппараттарды радиацияга сыноодо, жаңы материалдарды иштеп чыгууда, рак ооруларын дарылоо ыкмаларын өркүндөтүүдө жана медициналык изотопторду өндүрүүдө да колдонулат.