www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында бүгүн кабыл алуу кампаниясынын төртүнчү туру башталды. Кабыл алуу «Абитуриент online» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу өтөт.

4-августтан 6-августтун саат 14:00гө чейин абитуриенттерди конкурска катышуу үчүн каттоо жүргүзүлөт. 7-августта саат 10:00гө чейин кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси жарыяланат. 7-августтан 9-августтун саат 16:00гө чейин абитуриенттер жогорку окуу жайга кабыл алынуу каалоосун ырасташы керек.

Жогорку окуу жайларына кадрларды даярдоо үчүн 10 миң билим берүү гранты бөлүнгөн. Кабыл алуу кампаниясы беш тур менен өтөт.

Үч турда жогорку окуу жайларына 25 миңден ашуун абитуриент кабыл алынды, анын ичинде 6,2 миңге жакыны бюджетке жана 19,3 миңден ашууну контракттык негизде.

Адистиктердин арасында билим берүү, гуманитардык илимдер, медицина, маалыматтык технологиялар, экономика жана финансы, ошондой эле юриспруденция багыттары эң популярдуу.

Последние новости