www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинки (U23) улуттук курама командалары 12-18-октябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат.

Эркин күрөш боюнча өлкө намысын 65 кг салмакта Өскөнбай Абдисаматов, 74 кгда Адилет Акылбеков, 79 кгда Байтемир Түлөбердиев, 92 кгда Улук Сооронбеков жана 97 кгда Кутман Төлөбалдиев коргойт.

Команданын башкы машыктыруучусу — Ислам Тазабеков, улук машыктыруучусу — Нарынбек Дүрбөлөң уулу.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 55 кг салмакта Барсбек Асанкожоев, 60 кгда Кубанычбек Аринов, 67 кгда Баяман Каримов, 72 кгда Ырыскелди Хамзаев, 82 кгда Эрлан Марс уулу жана 130 кгда Мурат Ботоев катышат.

Башкы машыктыруучу — Улукбек Карачолоков, улук машыктыруучу — Руслан Царев.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын атынан 73 кг салмакта Кайыркүл Шаршенбаева чыгат.

Последние новости