www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8 млрд 940,04 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу маалыматты Финансы министрлиги билдирди.
Анын ичинен, тышкы карыз 5 млрд 343,82 млн доллар, ички карыз 3 млрд 596,22 млн доллар болгон.
2025-жылдын декабрына салыштырмалуу мамлекеттик карыз 19,42 млн долларга көбөйгөн. Өсүш негизинен ички рыноктон алынган карыздардын көбөйүшү менен байланыштуу. Ички карыздын эң чоң бөлүгүн узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар түзүп, ал 3 млрд 559,94 млн долларды (99%) түзөт.
Тышкы карыздын эң чоң бөлүгү Кытайдын Экспорт-импорт банкына туура келип, анын көлөмү 1 млрд 501,44 млн доллар (28,1%) болду.
Жалпысынан мамлекеттик карыз 2026-жылга болжолдонгон ички дүң продукцияга (ИДП) карата 37,82% түзөт.