www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыртылат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин жаңылоо боюнча масштабдуу илимий долбоорду ишке ашырууну баштады.

Макулдашууга ылайык, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары өлкөнүн бардык аймактарында комплекстүү талаа жана камералдык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Долбоордун негизги максаты – флора жана фаунанын сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрү боюнча актуалдуу жана так маалыматтарды топтоо.

Долбоор 24 айга эсептелген. Аны ишке ашырууга жалпысынан 21 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт.
Эки жылдык илимий иштердин жыйынтыгында адистер жаңы Кызыл китепти даярдоого негиз боло турган фундаменталдык илимий базаны Министрликке тапшырышат.

Учурда Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине жоголуп бараткан жана жоголуу коркунучунда турган 57 түрдүү куш, 23 түрдүү сүт эмүүчү, 2 түрдүү жерде-сууда жашоочу, 8 түрдүү сойлоочу, 7 түрдүү балык, 18 түрдүү муундуу буттуу, ошондой эле 89 түрдүү жогорку өсүмдүк жана козу карын киргизилген.

Адистердин белгилешинче, Кызыл китептин жаңыланышы өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоодо жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоодо маанилүү кадам болот.

Последние новости