www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Омурбек Текебаев Ханнс Зайдель атындагы фонддун Берлиндеги бюросунун директору, доктор Александер Вольф менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен фонддун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Элчи Омурбек Текебаев Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, санкциялык саясат маселелери боюнча пикир алышты.
Ошондой эле элчи Ханс Зайдель атындагы фонддун Кыргызстандагы демократиялык институттарды чыңдоого, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, анын ичинде стипендиялык программаларды колдоого жана парламентаризмди бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.
Тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин билдиришти.