www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бахрейнде өткөн окуу-машыгуу жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын аялдар улуттук курама командасы Бахрейндин улуттук курама командасына каршы эки жолдоштук беттеш өткөрүп, эки оюнда тең ишенимдүү жеңишке жетишти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучу Антонио Мессанын жетекчилигиндеги команда 1–8-июнь күндөрү өткөн машыгуу жыйынынын жүрүшүндө эл аралык тажрыйбасын жогорулатууга багытталган оюндарды өткөргөн.

Биринчи беттеш 5-июнда болуп, кыргызстандык футболчу кыздар 5:0 эсебинде жеңишке жетишти. Голдорду Акмарал Саякбаева, Айжан Боронбекова жана Назик Ишембиева киргизишти.

Экинчи оюн 7-июнда өтүп, курама команда кайрадан үстөмдүк кылып, 4:0 эсебинде жеңишке жетти. Голдордун авторлору Нагима Туралиева, Айтурган Курманбекова, Нурсулуу Мурзакулова жана Анэля Асанбекова болду.

Окуу-машыгуу жыйыны улуттук курама команданы алдыдагы эл аралык мелдештерге даярдоонун бир бөлүгү экени белгиленди.

Последние новости