www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан жарандары Азербайжанда визасыз 90 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөгө келген чет өлкөлүктөр 15 күндөн ашык убакытка кала турган болсо, жашаган жери боюнча милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек. Каттоо Азербайжандын Мамлекеттик миграция кызматынын электрондук кызматтары, электрондук почта же аймактык бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.
Элчилик ошондой эле каттоо үчүн паспорттун көчүрмөсү жана тиешелүү арыз талап кылынарын, бул кызмат үчүн мамлекеттик алым алынбай турганын маалымдады.