www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтиргендик үчүн айып пулдардын өлчөмүн (таксаларды) олуттуу жогорулатуу жөнүндө токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койгонун маалымдайт. Бул чара биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана браконьерлик менен күрөштү күчөтүүгө багытталган.

Жаңы ченемдерге ылайык, тоо текени мыйзамсыз атуу үчүн айып пулдун өлчөмү үч эсеге жогорулап, 300 000 сомду, ал эми элик үчүн — 100 000 сомду түздү. Ошондой эле ак жана кара илегилектерге зыян келтиргендиги үчүн 30 000 сом өлчөмүндө айып пул белгиленди.

Айып пулдардын суммасын кайра карап чыгуудан сырткары, документ каражаттарды бөлүштүрүү механизмин да өркүндөтөт: эми өндүрүлгөн каражаттын бир бөлүгү экологиялык укук бузууларды аныктаган жана аларды тариздөөгө көмөктөшкөн адамдарды материалдык жактан сыйлоого жумшалат.

Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоого чакырат жана Кыргызстандын уникалдуу фаунасын сактоо ар бир тургундун милдети экенин эскертет. Бүгүнкү жаратылышка болгон аяр мамиле — бул өлкөнүн эртеңки экологиялык коопсуздугунун кепилдиги.

 

Последние новости