www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.

Документ шайлоо алдындагы мыйзамдуу үгүт иштерине тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчиликти карайт.

Мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштерине мыйзамсыз тоскоолдук жараткан жеке жактарга 5 миң сом айып пул салынат.

Эгер мындай аракеттерди турак жай ээлеринин шериктештиктеринин (ТЖЭШ) жетекчилери, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары же башкаруучу компаниялар жасаса, жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, ал эми юридикалык жактарга 10 миң сом айып пул каралган.

Мыйзамда тоскоолдук көрсөтүү деп имараттарга, объекттерге же аймактарга кирүүгө мыйзамсыз бөгөт коюу, үгүт жүргүзүү үчүн жай берүүдөн негизсиз баш тартуу, аны пайдаланууну токтотууну талап кылуу же мыйзамдуу үгүт иштерин атайылап кыйындаткан башка аракеттер түшүндүрүлөт.
Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости