www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда сасык тумоого кабылгандар азайды

Кыргызстанда 2-8-март аралыгында курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча 6 миң 576 учур катталды. 

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, мурунку жумага салыштырмалуу ооругандардын саны 14,7 пайызга азайган.

Катталган учурлардын 65,9 пайызы же 4,3 миңге жакыны 14 жашка чейинки балдар экени белгиленди.

Учурда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоого окшош оорулар боюнча эпидемиологиялык байкоо уланууда.

Дарыгерлер жарандарды оорунун алдын алуу чараларын сактоого, адамдар көп топтолгон жайлардан оолак болууга жана өз алдынча дарыланбай, убагында поликлиникага кайрылууга чакырышты.

Последние новости