www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мамлекеттик Перинаталдык борборунда Рокитанский–Кюстнер синдрому менен ооруган бейтапка биринчи жолу модификацияланган татаал пластикалык операция жасалды.

Хирургиялык кийлигишүү үч этаптан турду.

Алгач дарыгерлер лапароскопиялык жардамдын коштоосунда перитонеалдык кольпопоэз операциясын жүргүзүп, андан соң ткандардын байланышын калыптандырып, неовагинаны түзүү ишин аякташты.

Операцияны профессор А.Аскерoв жетектеген гинеколог-хирургдар тобу аткарды. Команданын курамында Т.Н.Муратова, У.Р.Сатаров жана А.Т.Таалайбекова болушту.

Адистер белгилегендей, жаңы ыкма операциянын узактыгын кыскартып, кийлигишүүнүн травмалуулугун азайтууга жана минималдуу инвазивдүү ыкманы колдонууга мүмкүндүк берди.

Борбордун маалыматына ылайык, бул технологияны киргизүү аталган патологиясы бар бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

Последние новости