www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күз мезгилинин башталышы менен өлкө аймактарында мал-жандыктарды жугуштуу жана зооноздук оорулардан коргоо боюнча милдеттүү күзгү эмдөө жана диагностикалык изилдөө иштери жүргүзүлөт.

Ветеринария кызматы мал ээлерин эмдөө иштерине активдүү катышууга чакырды.

Маалыматка ылайык, учурда бардык эмдөө каражаттары «муздак чынжыр» эрежелери так сакталуу менен аймактарга жеткирилген.

Эмдөө иштери Ветеринария кызматы тарабынан бекитилген планга ылайык жүргүзүлөт.

Күзгү ветеринардык иш-чаралардын алкагында мал-жандыктарды сибирь жарасы, бруцеллез, кутурма, эхинококкоз сыяктуу адамга жугуучу оорулардан, ошондой эле мал чарбасына олуттуу зыян келтирүүчү шарп, нодулярдык дерматит, кой-эчкинин гүлү, кыргын ылаңы, пастереллез жана канаттуулардын ылаңдарынын алдын алуу каралган.

Мал ээлерине ар бир эмделген, сатылган, союлган жана жаңы туулган малды СИОЖ электрондук системасына каттоодон өткөрүү зарылдыгы эскертилди.

Каттоодо жок мал ветеринардык кароодон өтпөгөн болуп эсептелет.

Мындан тышкары, эмдөө жана диагностикалык иштерди жүргүзүүдө жеке ветеринардык адистерге жана мал ээлерине техникалык коопсуздук, биокоопсуздук жана жеке гигиена эрежелерин так сактоо сунушталды.

Адистер өз убагында жүргүзүлгөн эмдөө малдын ден соолугун сактоого, адамдарга жугуучу оорулардын алдын алууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Мал ээлери күзгү эмдөө иштеринен четте калбай, жергиликтүү ветеринардык адистерге кайрылып, мал-жандыктарын толук текшерүүдөн өткөрүүгө чакырылат.

Последние новости