www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанды үстүбүздөгү жылдын 12-мартына карата кызамыктын 5 миң 446 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 1 653, Ош шаары боюнча 334, Ош облусунда 907, Баткен облусунда 133, Чүй облусунда 1 228, Жалал-Абад облусунда 975, Ысык-Көл облусунда 86, Талас облусунда 76 жана Нарын облусунда 54 учур катталды.

"Кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жайылып жатат. Бул аймактарда оорунун көрсөткүчүнүн жогору болгонуна оорулуулар менен байланышта болгон адамдар арасында вирустун кеңири жайылып жатканы себеп болууда", - деп айтылат маалыматта.

Медиктердин айтымында, балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон кала берүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүдө. Эскерте кетсек, Кыргызстанда кызамык оорусуна жооп иретинде эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды, ал Жалал-Абад облусунда өтөт.

Эмдөөнү ҮМБдан/ҮДТдан/ФАПтан жана билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан акысыз алууга болот.

Бардык башка облустарда кызамыкка-паротитке-кызылчага (КПК) каршы вакцина менен пландуу эмдөөнүн алкагында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө иштери күчөтүлдү. Кызылчага-кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозалары келгенине жараша өлкөнүн калган аймактарында да кошумча эмдөө башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости