www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда көп кабаттуу имараттардын сейсмотуруктуулугу мурдагыдай бузуп сыноо жолу менен эмес, компьютердик моделдөө аркылуу текшерилет.

Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, курулушта колдонулуучу бардык жаңы технологиялар жана материалдар алдын ала кылдат изилденип, өлкөнүн шарттарына ылайыктуулугу текшерилгенден кийин гана колдонууга киргизилет.

Министр акыркы жылдары металл каркастуу конструкциялар жана газоблок сыяктуу заманбап материалдар кеңири колдонула баштаганын белгилеп, курулуш тармагында дүйнөлүк тажрыйба эске алынып жатканын айтты.

Ошондой эле ал ар бир курулуш объектиси иш башталганга чейин милдеттүү мамлекеттик экспертизадан өтөрүн, адистештирилген департамент компьютердик моделдөө аркылуу имараттардын бекемдигин жана сейсмотуруктуулугун баалай турганын кошумчалады.

Нурдан Орунтаевдун маалыматына ылайык, Бишкекте 40 кабатка чейинки имараттарды курууга уруксат берилген.

Мындай чечим кытайлык адистердин конструкциялык сыноолорунун жыйынтыгы имараттардын коопсуздугун ырастагандан кийин кабыл алынган.

Последние новости