www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон Беларусиянын эки жана Литванын бир жараны болгон үч альпинистти издөө иштеринин биринчи этабы аяктады.
Куткаруучулар алардын кулаган жерин болжолдуу аныктап, сөөгүн табышкан.
Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, издөө иштеринде бийик тоолуу аймактарда иштөөгө ылайыкташкан дрондор жана 6–6,5 миң метр бийиктикте иштөө квалификациясына ээ операторлор колдонулган.
«Үч альпинист кулаган болжолдуу жерди аныктадык. Алардын кулаганын жана сөөктөрү жаткан жерди каттадык. Корумду чокусундагы издөө иштери ушул этапта аяктады», — деди Кубатов.
Эми операциянын экинчи этабы — каза болгондордун сөөгү жаткан жерге түз жетип баруу иштери башталат. Топту Кыргызстандын алдыңкы альпинисттеринин бири жетектеп, анын курамына тажрыйбалуу бийик тоолуу альпинисттер кирет.
Адистер окуя болгон жерге жетип, каза болгондордун өздүгүн такташат. Андан кийин сөөктөрдү Корумду чокусунан Ош шаарына жеткирүү иштери жүргүзүлөт.
Кубатовдун маалыматына караганда, чоку аймагындагы аба ырайы турукташканда операция жакынкы күндөрү башталышы мүмкүн.
Каза болгон альпинисттер — Беларусиянын жарандары 43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов, ошондой эле Литванын жараны 37 жаштагы Сергей Рубцов.
Полянский менен Свиридов альпинизмдеги «Ак илбирс» наамынын ээлери болгон.
Альпинисттер 4-августта Корумду чокусуна чыккандан кийин байланышка чыкпай калышкан.
Түшүүгө чейин алар оператор менен байланышып, базалык лагерге багыт алып жатышканын билдиришкен.
Бирок белгиленген убакта лагерге келишкен эмес.
Андан соң Беларусиянын альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы кыргызстандык кесиптештерине кайрылып, издөө иштерин уюштурууга жардам сураган.
16-августта издөө иштеринин жүрүшүндө дрон кар көчкү жана таш аралаш массасы түшкөн аймакты тартып алган. Кийин видеолорду изилдөө учурунда альпинисттердин буга чейин табылган буюмдарынын жанынан адамдын сөөгүнө окшош объекттер байкалган.
Кийинки издөө иштеринин натыйжасында альпинисттер кулаган жер дагы такталган. Каза болгондордун өздүгү профессионалдык топ окуя болгон жерге жеткенден кийин расмий түрдө аныкталат.