www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте диабеттик бут синдромун дарылоо боюнча адистердин алгачкы бейформал жыйыны өттү. Анда кант диабетинин кесепеттерин азайтуу жана диабетти дарылоонун бирдиктүү протоколун иштеп чыгуу маселеси талкууланды.
Дарыгерлердин айтымында, Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн бейтаптын буту ампутацияланат. Ош облусундагы ооруканада эле жылына 100дөн ашуун адамдын буту тизеден өйдө кесилет. Адистер кант диабетин эрте аныктоо, кандагы кантты көзөмөлдөө жана туура бут кийим тандоо оорунун оор кесепеттерин алдын алууда маанилүү экенин белгилешти.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов диабетти өтүштүрбөй аныктоо үчүн баштапкы медициналык кызматтарды күчөтүү зарылдыгын айтты. Адистердин маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда кант диабети менен катталган бейтаптардын саны 90 миңге жеткен, бирок алардын чыныгы саны 300 миңге чейин болушу мүмкүн.