www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Европа Биримдигинин санкциялык тизмесине кирген үч компания жабылды. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда санкциялык тобокелдиги жогору болгон 40ка жакын ишкана текшерилип жатат.

Ишмердүүлүгү токтотулган компаниялар — «Шисан», «Рама Групп» жана «Нова Проект». Ошондой эле бир криптовалюталык компаниянын лицензиясы кайтарылып алынган.

Мындай чаралар өлкөнүн эл аралык санкциялык талаптарды сактоо жана санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө аракеттеринин алкагында жүргүзүлүүдө.

Европа Биримдигинин акыркы санкция пакетине Кыргызстандын «ЭкоИсламикБанкы» да киргизилген. Банк болсо санкциядагы уюмдарга кызмат көрсөтпөй турганын жана кадимки режимде ишин улантып жатканын билдирди.

Последние новости