www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, эми браконьерлик үчүн 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат.
• Олуттуу зыян (10 миң сомдон жогору) келтирсе – 50-100 миң сом айып пул же 2 жылга чейин түрмө.
• Транспорт, кайык, жардыргыч зат, электр тогу, химиялык каражат же синтетикалык тор колдонулса – 100–200 миң сом айып пул же 2–5 жылга эркинен ажыратуу.
• Коруктарда мыйзамсыз аңчылык кылуу, сейрек кездешүүчү жаныбарларды жок кылуу, кызматтык абалынан пайдалануу же өзгөчө ири зыян келтирүү үчүн жаза 7 жылга чейин күчөтүлөт.
Мыйзам боюнча 10 миң сомдон жогору зыян – олуттуу, 100 миң сомдон жогору – ири, 1 млн сомдон жогору – өзгөчө ири зыян деп эсептелет.