www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26-июнунан 2-июлуна чейинки аралыкта өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча 22 987 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аныкталган мыйзам бузуулардын ичинен:
тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 3 629;
мас абалында унаа башкаруу – 423;
автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 299;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу – 694;
транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 485;
автоээнбаштык – 42;
белгиленген ылдамдыкты ашыруу – 1 578;
жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 11;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 197.

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 629 автоунаа айып короого токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.

Последние новости