www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ата-энелерге балага атасынын жана энесинин фамилиясын бириктирип, кош фамилия ыйгарууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Тиешелүү өзгөртүүлөр «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга иштелип чыкты.

Учурда мыйзамдын 17-беренесинде кош фамилия ыйгарууга тыюу салынган. Долбоордо бул чектөөнү алып салып, ата-энелердин өз ара макулдугу менен фамилияларды дефис аркылуу каалаган тартипте бириктирүүгө уруксат берүү каралган.

Ошол эле учурда фамилиянын ашыкча татаалдашуусуна жол бербөө максатында үч фамилияга тыюу салуу сунушталууда.

Долбоорду иштеп чыгуучулардын айтымында, өзгөртүүгө жарандардын кайрылуулары негиз болгон. Айрым жубайлар фамилиялары ар башка болгондуктан, балдарына эки ата-эненин фамилиясынан турган кош фамилия берүүнү суранышкан. Бирок учурдагы мыйзамдагы тыюу себептүү алардын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Долбоор «матчество» түшүнүгүн киргизбейт жана атасынын атын ыйгаруу тартибин өзгөртпөйт.
Ошондой эле «уулу», «кызы», «тегин» сыяктуу улуттук формаларды колдонуу, ошондой эле жети атага чейинки ата-бабалардын аттарын жазуу тартиби өзгөрбөйт.

Кош фамилия милдеттүү болбойт.

Аны балага ата-энесинин өз ара макулдугу менен гана берүү сунушталууда.

Последние новости