www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылы Кыргызстанда калктын кирешесиндеги ажырым дагы тереңдеди. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, калктын жан башына эсептелген реалдуу акчалай киреше айына 11 401 сомду түздү. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 3,3%га аз.
Кирешелердин бөлүштүрүлүшүндө айырма андан даана көрүнөт. Эң аз киреше алган 1,5 млн адам өлкөдөгү жалпы 987,3 млрд сомдук акчалай кирешенин болгону 4,7%ына ээ болгон. Бул болжол менен 46 млрд сом.
Демек, эң жакыр катмардагы бир адамга жылына орточо 30,7 миң сом, ал эми айына болгону 2,6 миң сом туура келген.
Ал эми калктын эң бай катмарына жалпы кирешенин дээрлик жарымы – 50%га жакыны туура келген. Бул топтогу бир адамдын жылдык кирешеси орточо 329 миң сомго, айлык кирешеси 27,4 миң сомго жеткен.
Башкача айтканда, эң бай катмардын жан башына эсептелген айлык кирешеси эң жакыр катмардыкынан 10,7 эсеге көп. 2024-жылы бул айырма 9,1 эсеге барабар болгон.
Бир жыл ичинде кирешелердин бөлүштүрүлүшүндө да өзгөрүү болгон. Эң жакыр катмардын жалпы кирешедеги үлүшү 0,6 пайызга төмөндөсө, бай катмардын үлүшү 2,2 пайызга өскөн.
Мындай көрсөткүчтөр Кыргызстанда калктын кирешелеринин ортосундагы ажырым күчөп жатканын көрсөтөт.