www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын 23-июлуна карата Кыргызстандагы жана коңшу өлкөлөрдөгү азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда бир катар азык-түлүктөрдүн баасы жогорулаган. Атап айтканда, пияз 3,5%, сабиз 3%, тоок жумурткасы 2,7%, макарон азыктары 0,5%, жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну 0,3% кымбаттаган.

Ошондой эле нан азыктары, уй эти жана кумшекер боюнча да аз өлчөмдө өсүш байкалган.
Ал эми кой этинин баасы 0,2%га төмөндөгөн.

Казакстанда айрым азыктар, анын ичинде капуста, кой эти, балык, кумшекер, кефир жана башка товарлар кымбаттаганы белгиленди. Ошол эле учурда бадыраң, помидор, сабиз, жумуртка жана айрым башка азыктардын баасы арзандаган.

Россияда кумшекер, гречка, сабиз, ун жана айрым азык-түлүктөрдүн баасы өскөн. Ал эми бадыраң, помидор, жумуртка, картошка жана башка бир катар азыктар арзандаганы катталган.

Министрлик жүргүзүлгөн мониторинг азык-түлүк рыногундагы баалардын өзгөрүүсүнө көз салуу максатында жүргүзүлөрүн билдирди.

Последние новости