www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймагында 2026-жылдын 28–29-июнунда ысык аба ырайы күтүлөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз абанын температурасы 35…40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Мындай ысык аба ырайында жарандарга күндүн түз тийген нурларынан алыс болуу, ачык асман алдында узак убакыт жүрбөө, организмди суусуздануудан жана ысык өтүүдөн сактануу сунушталат.

Ошондой эле дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүн үзгүлтүксүз жана жетиштүү деңгээлде сугаруу зарылдыгы эскертилди.

Адистер ысык күндөрдө өзгөчө этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырышат.

Последние новости